Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Блумберг АКШны Украинага берген жардамды көзөмөлдөөгө чакырды

© AP Photo / Emilio MorenattiКиев шаары. Архив
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Жазылуу
Журналисттер Украинада жардамдарды максатсыз колдонуу ыктымалдыгы күч деп эсептейт
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. АКШ Украинага берилген жардамдын колдонулушу боюнча көзөмөл кылган жооптуу тарапты дайындашы керек. Бул туурасында Блумберг жазганын РИА Новости билдирди.
Украинанын экономикалык коопсуздугу боюнча бюро июлдун башында батыш өлкөлөрүнөн келген гуманитардык жардам жана аскердик продукцияларды саткан учурлар аныкталгандыгын мойнуна алган. Бул жаатта онго чукул кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк америкалык конгрессчи аял Виктория Спартц Украинага кетип жаткан жардамды көзөмөл кылган механизм түзүү зарылдыгын айткан.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников аталган өлкөнүн бир катар союздаштары Киевге түшүп жаткан куралдардын агымына көз салуу үчүн аларга аскерий өкүлдөр келе турганын айткан. Кийинчерээк Украинанын Жогорку Радасы өлкөгө келип жаткан "материалдык-техникалык жардамга" байкоо сала турган комиссия түзгөн.
"Украинага жардам көрсөтүп жана курал берүүнү улантуу үчүн Байден Конгресстин ичинде алмашуу кылып, Афганистанды калыбына келтирүү боюнча атайын башкы инспектор үлгүсүндөгүдөй сыяктуу АКШнын чыгымдарына көзөмөл кылган байкоочуну дайындашы керек", — деп айтылат макалада.
Авторлордун пикирине караганда, республикачылар чыгымдар боюнча катуу көзөмөл кылууну туура эле талап кылып жатышат. Редакторлор Байдендин администрациясы алардын (Конгресстин) Украина бийлигиндеги ишенбестик жана олку-солкулукту көзгө сайып көрсөтүп бере турган мөөнөттүн темпин жайлатпоодон сактангандыктан, катаал чараларды колдобой тургандыгын белгилешкен.
Журналисттер Украинада жардамды максатсыз колдонуу ыктымалдыгы күч деп эсептейт. Себеби атайын операцияга чейин эле бул өлкөдө коррупция боюнча көйгөй көп эле.
"Мындан сырткары, америкалык өндүрүштөн чыккан куралдар аз болсо да башка колдорго тийип же Украинанын чегинен сырткаркы субъектилерге сатылып кетүү кооптуулугу бар", — деп жазылган материалда.
Буга чейин YLE теле көрсөтүү корпорациясы Финляндиянын борбордук криминалдык полициясынын ыкчам маалыматтарына таянып, Киевге берилген курал-жарак финляндиялык кылмышкерлердин колуна тийип калгандыгын билдирген эле.
Киевдеги Майдан аянтындагы Эгемендүүлүк монументинин алдындагы көпүрөдө АКШнын желеги илинип турат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина АКШнын жардамы жок Россияга бир ай да туруштук бере албайт
Жаңылыктар түрмөгү
0