Сыноолорго татыктуу туруштук бердиңер. Жапаров милиция кызматкерлерин куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Жазылуу
Өлкө башчысы милиция кызматкерлери элдин бакубат турмушун камсыз кылуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып күнү-түнү иштеп жаткандыгына ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан кайрылууда мамлекет жетекчиси кыргыз милициясы канчалаган оор сыноолорго татыктуу туруштук берип келе жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө дагы элдин бакубат турмушун камсыз кылуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып күнү-түнү иштеп жатканына ыраазычылык билдирген. Мындан тышкары, Жапаров өлкөнүн бүтүндүгүн коргоодо Баткен жергесинде курман болгон Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөткөн эрдигине токтолгон.
"Маркум баатырларыбыздын үй-бүлөсү жана жакындары дайыма мамлекетибиздин көңүл борборунда болуп, камкордукка алынат. Мамлекет тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жана экономикалык жактан колдоо жана коргоо багытында бир катар максаттуу иштер жасалып жатат. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан баштап кызматкерлердин айлык акылары жогорулатылды. Ошону менен бирге эле министрликтин, айрыкча алыскы аймактардагы түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртууга олуттуу көңүл бурулууда", — деген Жапаров.
Өлкө лидери өз учурунда кыргыз милициясында иштеп кеткен ардагерлердин да эмгегин унутпоо зарыл экендигин белгилеген.
"Менин милициям мени коргойт" деген сөздүн маанисине жараша эл мүдөөсүн орундатуу зарыл. Элдин мындай бийик баасына татыктуу болуу үчүн сиздерден акыйкаттык, адилеттик, кесипкөйлүк жана талыкпас эмгек талап кылынат. Ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылып, укуктарын коргоо дайыма сиздердин — милиция кызматкерлеринин көңүл чордонунда болушу керек", — деп жазылат Жапаровдун куттуктоосунда.
Соңунда президент милиция кызматкерлерине чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, иштерине ийгилик жана Кыргызстанга тынчтык тилеген.
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Бишкекте аймактык тескөөчүлөргө планшеттер берилди. Максаты
Жаңылыктар түрмөгү
0