Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алыбекова: "Кыргызстандарттын" улуттук маалымат фондунун коопсуздугу 98%ды түзөт

© Sputnik / Асылбек БактыбековСтандартташтыруу жана метрология борборунун стандартташтыруу бөлүмүнүн башкы адиси Айгерим Алыбекова
Стандартташтыруу жана метрология борборунун стандартташтыруу бөлүмүнүн башкы адиси Айгерим Алыбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Жазылуу
Стандартташтыруу жана метрология борборунун стандартташтыруу бөлүмүнүн башкы адиси Айгерим Алыбекова "Кыргызстандарт" Евразия экономикалык биримдигиндеги техникалык тоскоолдуктарды жоюуга активдүү катышып жаткандыгын айтты.
"Кыргызстандарт" стандартташтыруу жана метрология жаатында сыноо лабораторияларын модернизациялоодон өткөрүп, жаңы ыкмаларды колдонууну карап жатат. Бул тууралуу Айгерим Алыбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Алыбекова: "Кыргызстандарттын" улуттук маалымат фондунун коопсуздугу 98%ды түзөт
Анын айтымында, Кыргызстанда ЕАЭБдин 40ка жакын техникалык регламенти күчүнө кирип, иштеп жатат.
"Кыргызстандарт" учурда техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук фондун санариптештирүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүп жатат. Өз ишинин алкагында "Кыргызстандарт" стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук, эл аралык жана аймактык уюмдар менен тыгыз кызматташып, стандарттарды шайкеш келтирүү, шайкештик сертификаттарын өлчөө, өлкөлөр ортосундагы сооданы өнүктүрүү жана сыноолордун натыйжаларын өз ара таануу максатында соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюуга көмөктөшөт. Мындан тышкары, стандартташтыруу жана метрология жаатында сыноо лабораторияларын модернизациялоону карап жатат. Алсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ЕАЭБдин 40ка жакын техникалык регламенти күчүнө кирген", — деди Алыбекова.
Ошондой эле ал стандартташтыруу жана метрология тармагына жаштардын кызыгуусу көбөйүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0