Кыргызстанда үч миллионунчу биометрикалык паспорт берилди. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МинцифрыКыргызстанда үч миллионунчу биометрикалык паспорт берилди
Кыргызстанда үч миллионунчу биометрикалык паспорт берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Жазылуу
Биометрикалык карталар өлкө аймагында 2017-жылдын 1-майынан тарта киргизиле баштаган.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов №2 калкты тейлөө борборунда үч миллионунчу elD-картаны тапшырганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МинцифрыВыдача трехмиллионного биометрического паспорта в Бишкеке
Выдача трехмиллионного биометрического паспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Биометрикалык паспорт 16 жаштагы Адилет Эркимбек уулуна берилген. Бул кыргызстандыктын биринчи паспорту. Башкы документтен тышкары министр ага юбилейлик elD-картанын ээси экендигин тастыктаган сертификат жана белектерди тапшырган.
Биометрикалык паспорттор өлкөдө 2017-жылдын 1-майынан тарта киргизиле баштаган. Бүгүнкү күндө 3 миллион ID-карт берилди, анын жарым миллиондон ашыгын кыргызстандыктар саамалык башталган биринчи жылы акысыз алышкан. ID-карта кийин өзгөрүп, мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны жана стандарттарды эске алуу менен персоналдаштыруунун заманбап системасы колдонулган.
Фотоаппарат менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2022
Казакстандыктар документке эми өзүнө жаккан сүрөтүн тандап коё алат
Жаңылыктар түрмөгү
0