5-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЧөптө жаткан кар. Архив
Чөптө жаткан кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Жазылуу
5-ноябрда түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Таласта +9…+14, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл жеринде +8…+13, Нарын өрөөнүндө +5…+10 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +12…+14 градус болот.
Эркек коңурук тартып жатканда кыз кулагын жаап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Уйкудагы адамды өлүмгө кептеген негизги адат аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0