Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФ Лондондун Севастополго кол салууга тиешелүүлүгүн тастыктаган документтерди берди

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүРФ аскер кызматкери. Архив
РФ аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Жазылуу
29-октябрь күнү Киев Севастополдун портундагы Кара деңиз флотунун кемелерине кол салган. РФ Коргоо министрлиги учкучсуз аппараттардын чабуулун даярдоого британиялык адистер катышканын билдирген.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россия Улуу Британиянын элчиси менен аскердик атташесине Лондондун Кара деңиз флотунун кемелерине жасалган чабуулга тиешеси бар экенин тастыктаган документтерди берди. Бул тууралуу РИА Новости Sky News телеканалына шилтеме берүү менен жазды.
РФ Коргоо министрлиги 29-октябрь күнү Киев ички жана тышкы рейдде турган Кара деңиз флотунун кемелерине террордук чабуул жасаганын кабарлаган. Ведомствонун маалыматы боюнча, Севастополго учкучсуз аппараттардын кол салуусун даярдоого британиялык адистер катышкан.
"Британиянын атайын даярдыктагы күчтөрүнүн Севастополдогу флотко каршы аракеттерди даярдоого катышканын тастыктаган документтер элчи менен аскердик атташеге берилди", — деди РФ элчиси Андрей Келин телеканалдын эфиринде.
Дипломат аталган далилдер ачыкка чыгарын кошумчалады.
Британия — террорчу өлкө. ТИМ алдынан элчини тосуп алган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
"Британия — террорчу өлкө". ТИМ алдынан элчини тосуп алган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0