Канттын "Абдыш-Ата" футбол клубу биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду

© Фото / пресс-слжуба ФК Абдыш-Ата"Абдыш-Ата" футболдук клубу
Абдыш-Ата футболдук клубу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Жазылуу
Экинчи орунга 47 упай менен "Алай" командасы илинген.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. "Абдыш-Ата" футболдук клубу өзүнүн 30 жылдык тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду.
Сезон аяктаарда команда 53 упай менен алдыга озуп, чемпион аталган. Ал эми "Алай" командасы 47 упай алып экинчи орунга илинсе, "Алганын" оюнчулары 42 жана "Нефтичинин" футболчулары 40 упай топтоду. 24 турдун жыйынтыгында "Абдыш-Ата" командасынын эсебинде 16 жеңиш, беш тең чыгуу жана үч жеңилүү бар.
Былтыр команда Кыргызстандын футбол боюнча кубогун уткан.
Кайрат клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Таамай сокку. Гүлжигит Алыкуловдун 25 метрден гол киргизген видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0