Кыргызстан россиялыктардын аймакка кириши боюнча 5 жылдык рекордун жаңыртты

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Жазылуу
Маалыматта Кыргызстанга кирген Россия жарандарынын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 92 пайызга көп экени айтылды.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстан россиялыктардын өзүнүн аймагына кириши боюнча беш жылдык рекордун жаңыртты. Бул тууралуу РБК ФСБнын маалыматтарына таянып билдирди.
ФСБ 2022-жылдын июлунан сентябрына чейин чет өлкөгө кеткен россиялыктар боюнча статистикалык маалыматтарды жарыялаган. Белгиленген мезгилдин ичинде Кыргызстанга 167 миң жолу кирген учур катталган. Бул сан былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 92 пайызга көп болуп чыккан.
ФСБнын эсепке алуу методикасына караганда, бир эле россиялык бул отчёттук мезгилде өз өлкөсүнүн чегинен бир канча ирет чыкса, маалыматтарда ар бир ошол багытты көздөй барган учуру эсептелет. РБК бул жерде Россиядан чыккан жарандардын саны эмес, алардын сапарынын канча жолу болгону жөнүндө кеп кылуу туура болорун эскерткен.
Аэропортто турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Былтыр Кыргызстандан биротоло чыгып кеткендердин саны өстү, көбү аялдар
Жаңылыктар түрмөгү
0