"Манас" театрында Түгөлбай Казаковдун 70 жылдыгы белгиленет

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКыргыз Республикасынын эл артисти, 70тен ашык обондордун автору, композитор, публицист Түгөлбай Казаковдун архивдик сүрөтү
Кыргыз Республикасынын эл артисти, 70тен ашык обондордун автору, композитор, публицист Түгөлбай Казаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Жазылуу
Маараке 7-ноябрда саат 11:00дө башталат. Театрдын өнөрпоздору катышкан кечеге кирүү акысыз.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, 70тен ашык обондордун автору, композитор, публицист Түгөлбай Казаковдун 70 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театры маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, кече "Манас" театрында 7-ноябрь күнү саат 11:00дө башталат.
"КРдин эл артисти, "Манас" орденинин ээси, композитор, публицист, төгөрөгү төп жорго, таланттан бүткөн тал чоку, алп талант Түгөлбай Казаковдун мааракесине театрыбыздын өнөрпоздору катышат. Кече чоң салтанат менен коштолот", — деп жазылат театрдын билдирүүсүндө.
Ошондой эле анда кечеге кирүү акысыз экендиги белгиленген.
КРдин эл артисти, белгилүү обончу, композитор, коомдук ишмер, мурдагы маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Түгөлбай Казаков: руханий дүйнөнү туу туткан көчмөн элек, көр дүйнөнүн кулу болдук
Жаңылыктар түрмөгү
0