Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Төлөпбергенова: дүлөй балдар толугу менен угуп кетүүчү аппарат бар

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Уккум келет" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Төлөпбергенова
Уккум келет коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Төлөпбергенова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Жазылуу
"Уккум келет" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Төлөпбергенова кохлеардык имплант койдурууда мамлекет тарабынан эч кандай колдоо жок экенин айтты.
Кохлеардык имплант койдуруу менен дүлөй адамдар угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал тургай тубаса бул илдет менен төрөлгөн балдар да угуп, сүйлөп кетиши ыктымал. Бул тууралуу Назгүл Төлөпбергенова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Төлөпбергенова: дүлөй балдар толугу менен угуп кетүүчү аппарат бар
Анын айтымында, угуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган операция кохлеардык имплант деп аталат.
"Кохлеардык имплант угуу мүмкүнчүлүгүн кайрып берет же тартуулайт. Угуп жүрүп кийин укпай калган улгайган адамдар же кырсыкка кабылып угуусун жоготкондор койдурса болот. Мындан сырткары, дүлөйлүк менен төрөлгөн ымыркайларга да бир жаш эки айына чейин койдуруп калса, ал бала угуп, сүйлөгөн киши болуп чыгышы толук мүмкүн. Мындай диагноз менен жарык дүйнөгө келген наристелерге болушунча эрте койдуруу керек. Ошондо тили туура чыгып, акыл-эсинин өз теңтуштарынан калбай өрчүшүнө өбөлгө түзүлөт. Бирок, тилекке каршы, кохлеардык имплантты койдурууда өкмөт тарабынан эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Ал тургай бул угуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган кохлеардык имплант тууралуу көптөгөн кыргызстандыктар биле бербейт. Ал өзү эки жабдуудан турат. Бирөөсү операция жолу менен кулактын ичине коюлуп, өмүр бою кызмат кылат. Сыртына тагылуучусу ар беш жылда алмашылат. Жакшы иштеткендер 7-8 жылга чейин колдонушат экен. Мен да ушундай аппарат тагынган кыздын энесимин. Кызым учурда жети жашка толуп, көнүп калды, ал тургай тили чыгып сүйлөйт. Биз койдурган учурда 30 миң доллардан ашык сумма каражат кеткен. Азыр бир аз арзандап калыптыр. Мындай балдардын ата-энеси Түркия, Россия жана башка чет мамлекеттерден койдуруп келишет. Азырынча биздин мамлекет тарабынан бул операцияны колдоо боюнча эч кандай программа жок. Кошуна Казакстан, Өзбекстан жана Россия өлкөлөрүндө кохлеардык имплантка муктаж адамдарга мамлекет жабдууларын акысыз берет", — деди Төлөпбергенова.
Ал дүлөйлүк менен төрөлгөн балдардын ата-энелерине баланын угуп калышы үчүн кохлеардык имплантка болушунча эртерээк аракет кылуу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0