Россия келерки жылы Кыргызстанга 150 мугалим жиберет

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Жазылуу
Келишим "Российский учитель за рубежом" деп аталган долбоордун алкагында түзүлгөн.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 2023-жылы Россия Кыргызстандагы мектептерге 150 мугалим жөнөтөрүн РФтин Агартуу министрлиги кабарлаган.
Ведомствонун маалыматына караганда, "Российский учитель за рубежом" деп аталган долбоор башка өлкөлөрдө көп кызыгууну жаратып келет. Анын алкагында Кыргызстанга педагогдорду жиберүү багыты да каралган.
Россиянын агартуу министринин орун басары Денис Грибовдун айтымында, биргеликте иш алып баруу, адистер арасында тажрыйба, уникалдуу программаларды алмашуу иштери балдарга заманбап, сапаттуу билим берүүнү көздөйт.
Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Кыргызстанда дагы 14 мектеп "Чет жердеги орус мугалими" долбооруна кошулду
Жаңылыктар түрмөгү
0