Уул баланын төрөлүшү эркек кишиден көз каранды. Урологдун видеосу

© Фото / Pixabay / StockSnapКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Жазылуу
Дарыгер эркек аялга Х хромосомдорду өткөрсө кыз төрөлөрүн, ал эми Х жана Y хромосомдорду берсе эркек боло турганын түшүндүрдү.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Уул баланын төрөлүшү эркек кишиден гана көз каранды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Нурбек Моңолов айтып берди.
 
Дарыгер үй-бүлөдө аял уул төрөй албаса аны күнөөлөй беришерин, бирок илимий жактан алганда курсактагы баланын кыз же эркек болушу атадан көз каранды экенин белгиледи.
"Аялы эркек төрөй албаса ажырашып кеткендер бар. Чындыгында баланын уул же кыз болушу эркектен гана көз каранды. Адамда эки жыныс хромосомдор бар экенин билебиз. Эгерде эркек Х хромосомдорду өткөрсө кыз болот. Ал эми бирөөсү Х, бирөөсү Y болсо анда эркек төрөлөт. Y хромосома эркектин уругунда эле бар. Ошондуктан аял баланын болочок жынысын чечпейт", — деди уролог.
Буга чейин адис эркектин гигиенасы жана өнөктөш алдында жоопкерчилиги кандай болушу керек экенин айтып берген.
Импотенцияга кабылган эркектерге протез коебу. Урологдун видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Импотенцияга кабылган эркектерге протез коёбуз. Урологдун видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0