Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жапарова: "Бизнес инкубациялык борборлор" — жаштарга мыкты мүмкүнчүлүк

© Sputnik / Асель АкматЭл аралык "Ала-Тоо" университетинин SAB (бүтүрүүчүлөрдүн ишкерлигин колдоо) долбоорунун координатору Айзада Жапарова
Эл аралык Ала-Тоо университетинин SAB (бүтүрүүчүлөрдүн ишкерлигин колдоо) долбоорунун координатору Айзада Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин SAB (бүтүрүүчүлөрдүн ишкерлигин колдоо) долбоорунун координатору Айзада Жапарова стартап долбооруна катышчу командадагы студенттердин ар тараптуу болушу ийгилик алып келерин айтты.
Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп жаткан "Бизнес инкубациялык борборлор" долбооруна каалоочулардын баары катыша алат. Бул тууралуу Айзада Жапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жапарова: "Бизнес инкубациялык борборлор" — жаштарга мыкты мүмкүнчүлүк
Анын айтымында, аталган долбоорго катышуу үчүн алгач ишкердик кыялы бар студенттерден куралган команда түзүлүшү керек.
"Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, жыл сайын өтүп келген "Бизнес инкубациялык борборлор" долбооруна каалоочулардын баары катыша алат. Бул жерде дэдлайн каралган эмес. Алгач ишкердик кыялы бар студенттерден турган команда чогултуп, бизнес идея жаратып, аны сунуштоо жетиштүү. Жаңы ойлонуп табылган долбоорлордо сөзсүз бир көйгөйдү чечүү жолу каралышы шарт. Башкача айтканда, коомчулукка пайдалуу болуусу маанилүү. Ошондой эле топтун ичиндеги адамдар да ар башка бөлүмдөрдө окуган жана ар тараптуу болсо команданын ийгиликке жетүү ыктымалдуулугу жогору болот. Студенттердин бизнес идеяларын ишке ашырууга жардам берген ишкерлерди бизнес периштелер деп атайбыз. Алар үчүн бизнес долбоордун узак мөөнөттүү жана масштабдуу болгону ыңгайлуу. "Бизнес инкубациялык борборлор" долбооруна катышууга чакырам жана мындай долбоорлор ишкердик кыялы бар жаштарга мыкты мүмкүнчүлүк", — деди Жапарова.
Ал буга чейинки стартап долбоорлору аркылуу эки-үч айдын ичинде миллион сом каражат тапкан студенттер болгонун кошумчалап өттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0