Машина талкаланып калган. Түндө Бишкекте жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду. Сүрөт

© Фото / Соцсети / "Врач на скорой"Бишкектеги Түштүк магистралда катталган жол кырсыгы
Бишкектеги Түштүк магистралда катталган жол кырсыгы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Foton үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, трассадан чыгып кеткен.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Түндө Бишкектеги Түштүк магистралда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталды.
Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, Foton үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол тайгак болгондуктан, рулга ээ боло албай трассадан чыгып кеткен. Жыйынтыгында автоунаа электр мамысын сүзгөн.
Социалдык тармакка тараган сүрөттө көрүнүп тургандай, кырсыктан электр мамысы кыйшайып, автоунаа талкаланып калган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.
Таласта автоунаа кырсыктап жана өрттөнүп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Таласта автоунаа кырсыктап, жубайлар машинасы менен кошо өрттөнүп кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0