Суперкомпьютер акыр заман 2050-жылы болорун божомолдоду

© AFP / NOEMI CASSANELLIШаардагы таштанды полигондогу ит. Архив
Шаардагы таштанды полигондогу ит. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Компьютер цивилизациялуу жашоо айлана-чөйрөнүн булганышынан урай турганын көрсөткөн.
БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. Цивилизациянын мыйзам ченемдерин божомолдогон World One суперкомпьютери азыркы жашоонун бүтө турган мөөнөтүн божомолдоп көрсөттү. Бул тууралуу британиялык The Daily Star басылмасы жазды.
1970-жылдары Рим клубунун буюртмасы менен жасалган компьютердин эсеби боюнча цивилизация 2050-жылы урайт. Буга айлана-чөйрөнүн булганышы жана анын зыяндуу кесепеттери себеп болот.
"Орто эсеп менен алганда 2040-жылдан 2050-жылга чейин азыр биз көрүп жаткан цивилизациялуу жашоо токтойт. Андан кийин абалды толугу менен "экологиялык таза" унааларга өтүп да, балдардын төрөлүшүн көзөмөлдөө менен оңдоого мүмкүн болбойт", — деп айтылат божомолдо.
The Daily Star басылмасы World One компьютери буга чейинки 2020-жылга карата божомолунда "планетанын абалы өтө начар болот" деген жыйынтык чыгарганын эске салды.
Trident II D5 ракетасын учуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
ЖМК: АКШ Россиянын өзөктүк куралын жок кыла турчу система иштеп чыгууда
Жаңылыктар түрмөгү
0