Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Самыкбаев: навигациялык пломбалар жүк ташууну жөнөкөйлөтөт

© Sputnik / Асель АкматЭкономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айдарбек Самакбаев
Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айдарбек Самакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айдарбек Самыкбаев навигациялык пломбалардын пайдасын айтып берди.
Навигациялык пломбалар транзит менен өтүүчү товарларды текшерүүнү азайтат. Бул тууралуу Айдарбек Самыкбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Самакбаев: навигациялык пломбалар жүк ташууну жөнөкөйлөтөт
Анын айтымында, долбоор жүк ташууларды кыйла жөнөкөйлөтүп, ишкерлерге ыңгайлуу болот.

"ЕАЭБ алкагында жүк ташууларды жөнөкөйлөтүү боюнча иш жүрүп келди. Ал үчүн навигациялык пломбаларды киргизип, уюмга мүчө беш өлкөдөгү мамлекеттик көзөмөлдү азайтуу максаты коюлган. Россияга санкциялар киргизилгенден кийин РФ дагы Европадан келген товарларга чек койгон. Бул Кыргызстанга дагы терс таасирин тийгизүүдө. Ошол чектөөлөрдүн кесепетин азайтуу үчүн жолугушуулар өтүп, талкуулар болду. Белгилүү болгондой, ЕАЭБге үчүнчү мамлекеттерден товарлар кирип, ал транзит менен өтөт. Долбоор мына ошол транзиттик жүктөрдү текшерүүнү азайтат. Навигациялык пломбада товар тууралуу бардык маалымат болот, ошондой эле анын кыймылын көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк түзүлөт. Аталган пломбалар атайын гаджетке орнотулат. Ага товар тууралуу толук маалымат киргизилет. Аны ыйгарым укуктуу органдар гаджет аркылуу окуп алат", — деди Самыкбаев.

Ошондой эле ал навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча макулдашууга уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары кол коюп, учурда ал ички процедуралардан өтүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0