Бишкектин бир катар мектептери менен бала бакчаларында жылуулук өчүрүлдү

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
Жазылуу
Билим берүү мекемелеринде жылуулук системасы ишке киргенден кийин авариялык кырдаал жаралган.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкекте бир нече мектеп менен бала бакчаларында жылуулук өчүрүлгөнүн калаа мэриясы билдирди.
Жылуулук системасы ишке киргенден кийин авариялык кырдаал жаралып, мындан улам №65 жана 39-мектептерде, №173 жана 75-бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулган.
"Капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзам чегинде тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү. Маселе муниципалитеттин жетекчилигинин көзөмөлүндө", — деп жазылган маалыматта.
Көйгөй жоюлганга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү.
Суу өчүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
10-ноябрда Бишкектеги үч жаңы конушта суу жок болот. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0