Быйыл бюджет тартыштыгы 35,4 млрд. сомго чыкты. Министрлик себебин айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын желегиндеги 5000 сомдук купюра. Архив
Кыргызстандын желегиндеги 5000 сомдук купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
Жазылуу
Бюджет тартыштыгы 9,1 миллиард сом деп бекитилген. Бирок 35,2 миллиард сомго чейин өсөрү күтүлүүдө.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Финансы министрлигинин маалымат кызматы быйылкы бюджеттин тартыштыгы эмне себептен 26,2 миллиард сомго өсүп, 35,4 миллиард сомду түзөрүн түшүндүрдү.
Эске салсак, Кыргызстандын республикалык бюджетине киреше көбүнчө салык жана бажыдан түшөт. Ошол эле учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде бажы алымы алгач жалпы казынага түшүп, андан кийин гана ар бир мамлекеттин үлүшүнө жараша бөлүнөт. Анда Кыргызстандын үлүшү — 1,9 пайыз.

Бекитилген бюджет кандай эле?

Киреше — 282,1 миллиард сом;
Чыгаша — 291,2 миллиард сом;
Тартыштык — 9,1 миллиард сом.
Такталгандан кийин республикалык бюджет кандай өзгөрдү?
Киреше — 272 миллиард сом (10,1 миллиард сомго аз);
Чыгаша — 307,4 миллиард сом (16,1 миллиард сомго көп).
Тартыштык — 35,4 миллиард сом (26,2 миллиард сомго көп).

Кирешенин азайып кеткен себеби

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, буга Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышуу жана Россияга каршы санкциялар себеп болду.
"Ушундан улам ЕАЭБге аз акча түшүп, Россия менен Беларустун бажы алымдарына таасир эткен", — деген министрлик.

Кайсы тармакка көп акча жумшалган?

Бюджеттик каражат боюнча чыгаша 2,9 миллиард сомго көбөйгөн. Атайын эсептердеги каражаттарга 11,8 миллиард сом сарпталган. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдардын чыгымдары.
Мамлекеттик инвестиция боюнча чыгымдар 1,4 миллиард сомду түзгөн. Бул акча инфраструктуралык долбоорлорго жумшалган.

Бюджет тартыштыгы кантип толукталат?

Мамлекеттик инвестиция боюнча дефицит 14,2 миллиард сомду түзөт. Бул тышкы булактар менен толуктала турганы айтылды. Ал эми атайын эсептеги каражат тартыштыгы 14, 5 миллиард сом ички булактар (мисалы, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу, жыл башындагы бюджеттик акчанын калганы) менен толукталмакчы.
Прездинет Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жапаров менен Ташиевдин айылдары эле өнүгүп жатабы? Расмий жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0