Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Костюк: КМШ өлкөлөрүнүн журналистикасындагы көйгөйлөр окшош эле

© Sputnik / Асель АкматКУУнун журналистика факультетинин деканы, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк
КУУнун журналистика факультетинин деканы, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
Жазылуу
КУУнун журналистика факультетинин деканы, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк технологиялардын өнүгүүсү журналистикадагы салттуу баалуулуктарга айрым учурда терс таасирин тийгизип жатканын айтты.
КМШ мамлекеттеринин журналистика тармагындагы өкүлдөрүнүн башын бириктирген "Өзгөрүп жаткан дүйнөдө медианы өнүктүрүү" аталышындагы медиафорум болуп өттү. "Россия сегодня" медиа холдинги уюштурган бул иш-чарага Кыргызстандан өкүл болуп Ширин Костюк катышкан.
Костюк: КМШ өлкөлөрүнүн журналистикасындагы көйгөйлөр окшош эле
Ал Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып аталган форумда журналистика багытындагы КМШ өлкөлөрүн түйшөлткөн маселелер талкууланганын айтты.
"Москвада өткөн бул медиафорумга РФ ТИМинин маалымат жана басма департаментинин директору Мария Захарова, Беларустун мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев, "Россия сегодня" эл аралык медиа группасынын башкы директору Дмитрий Киселев жана Россия, Казакстан, Армения, Молдовадан көрүнүктүү медиа өкүлдөр катышты. Бул форумдун өзгөчөлүгү журналистика багыты боюнча билим алып жаткан келечектеги кесип ээлеринен тарта аталган тармактын казанында кайнап жүргөн тажрыйбалуу журналисттер, журналистика боюнча илимий иштерди жасап келе жаткан окумуштуу, теоретик кесип ээлерине чейин бир аянтка чогулганы болду. Актуалдуу темалар талкууланып, жалпысынан КМШ мамлекеттеринин журналистика тармагындагы көйгөйлөрүбүз окшош экенин байкадык. Ошол эле социалдык тармактардын, блогерликтин тийгизип жаткан оң-терс таасирлери, сөз эркиндиги, журналисттердин сабаттуулугу, маалымат таратуудагы техникалык мүмкүнчүлүктөр, айтор, баарыбыздын талкуулоочу, чечүүчү маселелерибиз, көз караштарыбыз жалпысынан бирдей экен. Мен өзүм билим берүү жаатындагы адис болгондуктан ушул багытта технологиялардын өнүгүшү менен айрым учурда салттуу журналистикадагы баалуулуктардын жоголуп баратышы, бул түздөн-түз анын сапатына таасир тийгизип жатканы боюнча доклад окудум. Бул КМШ өлкөлөрүнүн журналистикасындагы учурдагы актуалдуу маселе болуп жатканын башка катышуучулар да айтышты. Форумдун жыйынтыгында биргелешип көйгөйлөр менен күрөшүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуу боюнча сунуш-пикирлерибизди бири-бирибизге билдирдик", — деди Костюк.
Педагог аталган форумга Кыргызстандан чакыртылган жалгыз катышуучу болгонун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0