Өсүмдүк майы кымбатташы мүмкүн. Себеби

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүӨсүмдүк майы. Архив
Өсүмдүк майы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Жазылуу
Министрлер кабинети токтомдун долбоорун сунуштады.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда министрлер кабинетинин демилгесинен улам өсүмдүк майы кымбатташы мүмкүн.
Бийлик токтом долбоору менен импорттолгон учурда кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын алып салууну сунуштап жатат. Бул коюм 20-марттан 31-декабрга чейин каралган.
Экономика министрлигинен мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү түшүп кеткендиктен аталган салыкты кайра салууну чечкендигин айтышты. Бийлик эгерде 12 пайыздык кошумча нарк салыгы кайтарылса, андан 117 миллион сом түшөрү күтүлүп жаткандыгын белгилеген.
Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы бюджеттен 2,3 миллиард сом азайып кеткен.
Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Кийинки жылы Кыргызстанда баа дагы 7,5%га өсөрү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0