Өлкөдөн сыртка которуулар доллар менен алганда үч эсеге өстү

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Жазылуу
Жылдын биринчи чейрегинде долларлык которуулардын көлөмү азайып, бирок андан кийин тенденция өзгөргөн.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандан доллардын сыртка чыгуусу акыркы тогуз айда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өскөн. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Айрыкча, быйылкы жылдын III кварталында олуттуу өсүш байкалган. Кеп эл аралык акча которуулар жөнүндө болуп жатат.
Үстүбүздөгү жылдын кварталдары боюнча сыртка которуулар доллар менен төмөнкүдөй болгон (бул жерде жана мындан ары да доллар менен көрсөтүлөт):
I квартал — 91,6 миллион (2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,9 миллионго аз);
II квартал – 154,1 миллион (38,3 миллионго көп);
III квартал – 363,1 миллион (239,7 миллионго көп).
Улуттук банктын маалыматы боюнча, үчүнчү чейректе доллар менен сыртка которуулар 2,9 эсеге өскөн.
Быйыл январь-сентябрь айларында доллардын өлкөдөн сыртка чыгышы 608,8 миллионду түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилинде 345,7 миллион болгон.
Америкалык валютанын акыркы 9 айда Кыргызстанга кириши төмөнкүдөй:
2021 — 672,1 миллион доллар;
2022 — 598,9 миллион.
Эске салсак, апрель айында Улуттук банк жаңы эрежелерди киргизген. Ага ылайык, чет өлкөдөн келген акча которууларды жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом менен гана алууга болот.
Күмүш тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Улуттук банк 2023-жылы ири көлөмдө коллекциялык тыйындарды чыгарат
Жаңылыктар түрмөгү
0