13-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСуунун боюнда ойногон кыз. Архивдик сүрөт
Суунун боюнда ойногон кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Жазылуу
13-ноябрга караган түнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. 13-ноябрь күнү, жекшембиде, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Талас өрөөнүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл аймагында +5...+10, Теңир-Тоодо -1...+4 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.
Карандан агып жаткан суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
15-ноябрда Бишкектин үч конушунда эртеден кечке ичүүчү суу болбойт
Жаңылыктар түрмөгү
0