Келерки аптада Чүй облусунда аба ырайы кандай болору айтылды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСары жалбырактарга оронгон дарактар. Архивдик сүрөт
Сары жалбырактарга оронгон дарактар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Жазылуу
Бишкекте 15-ноябрда түштөн кийин күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаайт.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Алдыдагы аптада Чүй облусунун аймактарында аба ырайы өзгөрүп турат. Жуманын башында жамгыр, кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкекте 15-ноябрда түштөн кийин күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаап баштайт. 16-17-ноябрда да жаан, кар жаай турганы айтылды. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүйдүн башка аймактарында да 15-ноябрдан тарта жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарга кар жаай турганы айтылды. 17-ноябрдан баштап 19-ноябрга чейин күн ачык болушу күтүлүүдө. Абанын температурасы Бишкекте 5...10 градустун тегерегинде болсо, Чүйдүн өрөөндөрүндө -2…+3 градусту көрсөтөт.
Дарак тигүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Өлкөдө картайган бак-дарактардын ордун толуктоо мезгили келди. Экологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0