Боомдогу жолдун Бишкек багытындагы тилкеси беш күнгө жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Боом капчыгайындагы жолдун Бишкек багытындагы тилкеси 14-ноябрдан 19-ноябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 126-чакырымынан 300-чакырымына чейинки бөлүгү убактылуу жабык болот. Тагыраагы, аталган бөлүккө асфальт төшөлөт.
Мындан улам айдоочулар аталган бөлүккө келгенде жолдун каршы тилкеси менен өтүп турушу керектигин эскертти.
Бишкектин жолдорунда автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Өлкөдөгү жолдорду оңдоп-түзөөгө унаа ээлеринен акча топтоо сунушталууда
Жаңылыктар түрмөгү
0