Стамбулда теракт жасоого айыпталган аялды кармаган видео жарыяланды

© AP Photo / Francisco SecoСтамбулдун борборунда жарылуу
Стамбулдун борборунда жарылуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
Жазылуу
Түркия полициясы белгисиз аял көчөгө бомба таштап кеткенин билдирген.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Түркиялык ЖМКлар Стамбулдагы жардырууга шектелип жаткан аялды кармаган учурдун видеосун жарыялашты.
Өлкөнүн Террорчулукка каршы күрөшүү башкармалыгы түнү менен бир катар операцияларды жүргүзүп, Истиклал көчөсүндөгү жарылууга айыпталган аялды жана башка кишилерди колго түшүргөн. Жалпысынан кылмышка тиешеси бар деп 46 адам кармалды.
Түркия полициясы теракт жасаган аял көчөгө бомба таштап кеткенин билдирген.
Эске салсак, 13-ноябрда Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири — Истиклалда жарылуу болуп, ал алты адамдын өмүрүн алган. Ал эми 81 адам жабыркаганы айтылууда. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын белгилеген.
Түркиянын Стамбул шаарында жарылуу болгон жерде иштеп жаткан криминалисттер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
ТИМ: Стамбулдагы терактыдан жабырлангандар арасында кыргызстандыктар жок
Жаңылыктар түрмөгү
0