Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Балиде G20 уюмунун саммитинин РФ үчүн маанилүү сессиясы башталды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүБалиде G20 уюмунун саммити
Балиде G20 уюмунун саммити - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Жазылуу
Саммиттин биринчи сессиясы Россия үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени бул мамлекет дүйнөдө азык-түлүк сыяктуу эле энергоресурстарды өндүргөн ири өлкөлөрдүн бири.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Индонезиянын Бали аралында "Чоң жыйырмалыктын" эки күндүк саммитинин биринчи сессиясы башталды. Анда азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселелери каралмакчы. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сессия башталар алдында Индонезия президенти Жоко Видодо уюмга мүчө мамлекеттерден келген делегация башчыларын өзү тосуп алган.
Саммиттин биринчи сессиясы Россия үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени бул мамлекет дүйнөдө азык-түлүк сыяктуу эле энергоресурстарды да өндүргөн ири өлкөлөрдүн бири.
Сессия алдында Еврокеңештин өкүлү Шарль Мишель Россияны айыптаган маалымат жыйын өткөргөн. Анын айтымында, дүйнөдөгү азык-түлүк каатчылыгы Россиянын Украинадагы атайын операциясынан улам жаралууда. Мишель Украинадагы чыр-чатак токтогондо гана азык-түлүк каатчылыгы чечилерин белгилеген. Саммиттин сессиялары жабык режимде өтөрү айтылды.
Экинчи сессия дагы шейшемби күнү өтүп, анда саламаттык сактоо тууралуу сөз болот. Санарип трансформациясына арналган үчүнчү сессия шаршембиде болору кошумчаланды.
Балидеги G-20 саммитине даярдыктар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
ТИМ: Россияны G20 уюмунан чийип салууга мүмкүн эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0