Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Си Цзиньпин Украинадагы ок атууну токтотуп, сүйлөшүүнү баштоого чакырды

© AP Photo / Alex BrandonКытай төрагасы Си Цзиньпин
Кытай төрагасы Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Жазылуу
Ушу тапта Индонезиянын Бали аралында "чоң жыйырмалыктын" саммити өтүп жатат.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кытай Украинада ок атууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырат. Бул үчүн эл аралык коомчулук бардык шартты түзүп бериши керек деди Си Цзиньпин Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушуу учурунда.
РИА Новости билдиргендей, алар Балиде өтүп жаткан "чоң жыйырмалыктын" саммитинин аянтчасында кезиккен.
"Тараптар Украинадагы кырдаал тууралуу пикир алмашты. Си Цзиньпин украин кризиси боюнча Кытайдын позициясы мурункудай эле так экенин белгиледи. Пекин ок атууну, аскердик аракеттерди токтотууну жана тынчтык жолу менен сүйлөшүүнү жактайт", — деп билдирген Кытайдын Борбордук телевидениеси.
Аны менен катар Цзиньпин сүйлөшүү жүргүзүү үчүн эл аралык коомчулук шарт түзүп бериши керектигин, ошондой эле Кытай өзүнүн конструктивдүү ролун аткарууну улантарын белгилеген.
Германия канцлери Олаф Шольц РФ лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүдө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Шольц: каршылыкка карабай Путин менен диалогду үзгөн жокмун
Жаңылыктар түрмөгү
0