ЖМК: Польшага түшкөн ракета Украинадан учурулган

© AP Photo / STRПольшанын полиция кызматкерлери. Архив
Польшанын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жазылуу
Балиде жүргөн Жо Байден G7 жана НАТО өлкөлөрүнүн лидерлерин чукул жыйынга чогулткан.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Польшанын аймагына түшкөн ракета Украина армиясы тарабынан россиялык ракетаны атып түшүрүү үчүн учурулган. Бул тууралуу америкалык аткаминерлерге таянуу менен Associated Press жазганын РИА Новости кабарлады.
Польшанын ЖМКлары 15-ноябрь күнү кечинде өлкөнүн Украина менен чектешкен аймагына эки ракета түшкөнүн, мындан эки киши каза болгонун жазып чыккан. Польшанын ТИМи ракета россиялык өндүрүштөн чыкканын билдирсе, президент Анджей Дуда ракеталар кимге таандык экендиги тууралуу так маалымат жоктугун белгилеген болчу.
"Алдын ала маалыматтар Польшанын аймагына түшкөн ракета украин армиясы тарабынан россиялык ракетаны атып түшүрүү үчүн учурулганын көрсөтүп жатат", — деп жазылат агенттик тараткан кабарда.
16-ноябрь күнү эртең менен Балиде G20 саммитинде жүргөн АКШ президенти Жо Байден G7 жана НАТО өлкөлөрүнүн лидерлерин чукул жыйынга чогулткан. Натыйжада алдын ала алынган маалыматтар ракета Россиядан учурулду деген версияны четке кагарын билдирген.
Россиянын Коргоо министрлиги Украина — Польша чек арасына эч кандай сокку урулбаганын белгилеп, Россияны айыптоо кырдаалды курчуткан чагымчылык деп баалана турганын эскерткен.
Вашингтондогу АКШнын Капитолий имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
NI: АКШ антироссиялык саясатынан улам өнөктөштөрүнөн кол жууп барат
Жаңылыктар түрмөгү
0