"Каракол" аэропортун 2023-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ""Каракол" аэропортун курулушу
Каракол аэропортун курулушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жазылуу
Реконструкциялоо жумуштары аяктагандан кийин жаңыланган "Каракол" аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү тейлейт.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы учурда "Каракол" аэропортунда курулуш жана монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатканын айтып, объектини 2023-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалып жатканын белгиледи.
"Аэропорттун жаңы бекетинин имараты курулуп баштады. Эми аэродромдун элементтерин реконструкциялоо, анын ичинде учуп-конуу тилкесин 400 метрге узартуу жана жарык берген жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү", — деп айтылат маалыматта.
Долбоорду Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда. Курулуш "Манас" аэропортунун өз каражатынын эсебинен аткарылып жатканы кошумчаланды.
"Реконструкциялоо жумуштары аяктагандан кийин жаңыланган "Каракол" аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Embraer 190 сыяктуу учактарды жана алардын аналогдорун чектөөсүз кабыл алууга мүмкүнчүлүк алмакчы", — деп айтылат кабарда.
"Каракол" аэропорту 1971-жылдын 1-январында негизделип, учуп-конуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери аба майданында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Мамлекет башчы ушул жылдын май айында аталган аэропорттун жаңы бекетинин курулушуна капсула салган.
Учкуч менен чабандын кубанычтуу жүз көрүшүүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Ата мекендик жарандык авиацияга 89 жыл толду. Кызыктуу архивдик сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0