Ташиев: Өзбекстан Кемпир-Абадды эч качан туристтик жайга айлантпайт

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСууга секирип жаткан адам. Архив
Сууга секирип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жазылуу
Депутат Максат Сарбагышев Өзбекстан Кемпир-Абадды туристтик жайга айланатат деген видеоролик чыкканын эске салды.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычын эч качан туристтик жайга айлантпайт. Бул туурасында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте айтты.
Депутат Максат Сарбагышев интернет булактарына Өзбекстан Кемпир-Абадды туристтик жайга айланатат деген видеоролик чыкканын эске салып, анын чоо-жайын сурады.
Ташиев бул боюнча өзбек тарап менен сүйлөшкөндө алар роликти чагымчылар жасаганын, болгондо дагы кыргыз тараптан уюштурулганын айтышканын билдирди.
"Өзбек тараптын ал жерди туристик борборго айлантуу боюнча эч кандай ниети жок. Аларга жерди сугарыш үчүн гана суу керек. Ошол максатта гана колдонушат", — деди Ташиев.
Гавасайдан алынчу 12,8 гектар аймак тоо-таштуу жерби? Ташиевдин жообу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Гавасайдан алынчу 12,8 гектар аймак тоо-таштуу жерби? Ташиевдин жообу видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0