Жапаров: Кемпир-Абаддын жерин кааласак 10 жылдан кийин деле алмашып алабыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы Өзгөн районунун тургундарына кайрылып, шашпай чечим кабыл алууга чакырды.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерди, кааласак, 10 жылдан кийин деле алмашып алабыз. Бул туурасында президент Садыр Жапаров парламентте билдирди.
"Кокус Кемпир-Абаддын суусу кургап кетсе, суу астында жаткан жер Өзгөндө калсын деп кыйкырып жатасыздар. Биринчиден, суу кургабайт, кылымдар бою агып турат, кургап кетсе адам баласынын жашоосу дагы токтойт. Экинчиден, суу сактагыч какшып калса ордуна теңме-тең башка жерден берип ошол заматта алмашып алсак болот. Айдоо жерди алар "айланайын" деп алмашат. Анткени аларга таш, кум баскан сайдын кереги жок. Пахта да, шалы да эге албайсың", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Өзгөн районунун тургундарына кайрылып, шашпай чечим кабыл алууга чакырды.
"Өзбек туугандардын башы жакшы иштейт, ошон үчүн бизден 30-40 жыл алдыга кетишет. Биз дагы деле кыйкырыктан башыбыз чыкпай жүрөбүз. 30 жыл ичинде ширеңке чыгарган фабрика дагы салбаптырбыз. Алар суу кылымдар бою турарын билишет. Ошон үчүн шашпай тургула, өзгөндүк туугандар. Эгер керек болсо, суу астындагы жерди 10 жылдан кийин деле алмашып алабыз. Азыр чек араларыбызды бекитип чечип алалы, бир эле Өзгөндүн маселеси чечилген жок. Бүтүндөй Кыргызстан боюнча 1 500 чакырымга жакын чек ара тилкеси чечилип жатат", — деди президент.
Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычын биргелишип башкаруу тууралуу келишимди ратификациялоо долбоорун карап жатат.
Кыргызстандын Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Өзүнүкүн туура дейт да... Өкмөт өкүлү премьер Ариповдун сөзүнө терикпөөгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0