Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты

© Фото / пресс-служба НБКР Улуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жазылуу
Бул — Кыргызстанда көптөн берки жасалган биринчи интервенция.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Улуттук банк шаршемби күнү, 16-ноябрда, валюта рыногуна 55,2 миллион доллар сатты. Бул туурасында аталган банктан билдиришти.
Кечээ доллардын баасы кескин көтөрүлүп кеткен. Бул курстун олку-солку абалын жөнгө салган март айынан бери жасалган биринчи интервенция болуп калды.
Жыл башынан бери Улуттук банк рынокко алты ирет чыгып, кечээки интервенцияны кошкондо 272 миллион доллар сатты. Март айында 19,4 миллион сатылган. Мындан сырткары, Улуттук банк 190 миллион доллар сатып алган.
Доллар менен лупа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Тогуз айда Кыргызстанга сырттан 2,2 млрд. доллар которулду
Жаңылыктар түрмөгү
0