Түркиялык серепчи: G20 саммитинде АКШнын жолу болбой калды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Жо Байден Балидеги G20 саммитинде
АКШнын президенти Жо Байден Балидеги G20 саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2022
Жазылуу
Автор саммитте Америка бардык дооматтарынан баш тартууга аргасыз болгонун белгилеген.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. АКШ G20 саммитинин жүрүшүндө Россиянын союздаштарын өз тарабына тарта алган жана жаңы кансыз согушта утулуп калды. Мындай пикирин Түркиянын Sabah гезитинин чет элдик жаңылыктар бөлүмүнүн директору, колумнист Берджан Тутар билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШ эми кырдаалды көзөмөлдөй албайт. Террорчулук менен күрөшүүдөн кийинки Кытай жана Россияга каршы кансыз жаңы согуш боюнча долбоору тез эле жарабай калды. Индонезиянын Бали аралында өткөн G20 саммитинде Америка бардык дооматтарынан баш тартууга аргасыз болду", — деген автор.
Анын айтымында, Аргентина, Бразилия, Кытай, Индонезия, Индия, Мексика, Сауд Аравиясы жана Түркия өңдүү түштүк мамлекеттери Түндүк тарап таңуулаган талаптардын баарын четке каккан.
Тутар макаласында АКШнын Россияны обочолонтуу долбоорунун ишке ашпай калышы аталган өлкөнү санаага салганын белгилеген. Ошондой эле ал АКШ президенти Жо Байден жана Кытай лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусуна да учкай анализ жүргүзгөн.
"Вашингтон Пекиндин "бир Кытай" саясатынан шек санабай турганын жарыялоо менен Байден Кытай лидеринин НАТО, ЕБ жана АКШ Москва менен ар тараптуу диалог жүргүзүүсү керек деген талаптарын кабыл алууга аргасыз болду", — деген автор.
Белгилей кетсек, G20 саммити 15-16-ноябрь күндөрү Балиде өтүп, ага Россиянын атынан ТИМ башчысы Сергей Лавров катышкан.
АКШ мене Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вашингтон Киевди сүйлөшүүлөргө түртүп жатабы? Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0