Баткендиктерге жеңилдетилген шартта кредит берилет. Улуттук банктын токтому

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүТажикстандын кол салуусу учурунда талкаланган үйдүн жанында отурган тургун. Архив
Тажикстандын кол салуусу учурунда талкаланган үйдүн жанында отурган тургун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Жазылуу
Башкы каржылык тескөөчү орган коммерциялык банктарга бир катар сунуштама берген.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Улуттук банк Баткен облусунда ишкердик жүргүзгөндөрдү жана тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган тургундарды колдоо максатында жеңилдетилген шартта насыя берүү токтомун кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган токтомго ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана "Кепилдик фондго" Баткенде ишкердик жүргүзгөн насыя алуучулардын кредит/кепилдик алууга табыштамаларын артыкчылык берип кароону сунуштайт. Ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгуу зарылчылыгын айткан.
Аны менен катар кредиттерди/кепилдиктерди алууда насыя алуучулар тарабынан берилүүчү документтер боюнча Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү эрежелери каралган.
Мындан тышкары, насыялык рейтингдин негизинде берилген кредиттин өлчөмү көбөйтүлүп, керектөө акчаларын берүүдө алуучунун орточо айлык кирешесине болгон катышы кайра каралып чыкканы белгиленди.
Баткендин Капчыгай айылындагы жабыркаган үйдүн жанында жашоочулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек ара чырында жабыркаган ишкерлердин 19 млн. сомдук кредити жоюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0