Кыргыздын эки балбаны АКШдагы турнирде бири-бири менен күрөшүүдөн баш тартты. Видео

© Sputnik / Саид ЦарнаевКүрөшүп жаткан балбандар. Архив
Күрөшүп жаткан балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Жазылуу
Спортчулар алтын үчүн күч сынашмак.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык эки балбан АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн эл аралык турнирдин финалында бири-бири менен күрөшүүдөн баш тартышты.
Мелдеш 18-19-ноябрь күндөрү Нью-Йорк шаарында болгон.
97 килограмм салмак категориясында балбан Атабек Азисбеков менен Мелис Айтбеков атаандаштарын жеңип финалга чыгышкан. Алар алтын үчүн күч сынашмак. Бирок кыргызстандык балбандар бири-бири менен күрөшпөй, анын ордуна чүчү кулак кармашкан. Натыйжада грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Атабек Азисбеков чемпион аталган.
32 жаштагы бир буттуу кыргызстандык Азат Бакиров жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Бутунан майып кыргызстандык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды
Жаңылыктар түрмөгү
0