Алдыдагы аптада Баткенде аба ырайы кандай болот? Божомол

© Sputnik / Мария ДевахинаЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Жазылуу
Башка аймактарга салыштырмалуу Баткенде бул апта жаанчыл болбойт.
БИШКЕК, 20-ноя.— Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Баткен облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 21-ноябрдан 25-ноябрга чейин аталган облуста жаан-чачын күтүлбөйт. 26-27-ноябрда күндүн көзү бузулуп, жамгыр, тоо этектерине кар жаашы ыктымал. 27-ноябрда күн кайра ачылары божомолдонду. Абанын температурасы 10...12 градус, кээ күндөрү 14...16 градуска чейин жылуу болот.
Нарындын Ат-Башы районундагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Бир топ сууктайт. Нарын облусундагы бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0