Катуу суук түшпөйбү? Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкекте жааган кардан кийин көп кабаттуу үйлөр. Архив
Бишкекте жааган кардан кийин көп кабаттуу үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Жазылуу
Синоптиктер билдиргендей, бул аптада өлкө аймагында жаан анча көп жаабайт.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Кыргызстанда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымдады.
Ага ылайык, борбор калаада 21-23-ноябрда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Ал эми 24-26-ноябрда күн ачык болот.

Чүй облусу

21-22-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
23-ноябрда айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт, 24-ноябрда күн ачык болот.
25-ноябрда айрым жерлерге жамгыр, тоолорго кар жааса, 26-ноябрда кайра күн ачылат.

Талас облусу

21-22-ноябрда көпчүлүк аймактарга жамгыр, тоо этектеринде жана тоолорго кар жаайт. 23-26-ноябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош облусу

Өлкөнүн түштүк регионунун борборунда апта башынан аягына чейин күндүн көзү бузулбай, ачык бойдон турат.

Жалал-Абад облусу

21-22-ноябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектерине жана тоолорго кар түшөт. 23-ноябрда күн ачылып, 25-ноябрга чейин өзгөрүүсүз турат. 26-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Баткен облусу

Бул аптада облустун бардык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу

21-22-ноябрда айрым жерлерде кар жаайт. 23-ноябрда кээ бир жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт.
24-25-ноябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 26-ноябрда тоолуу аймактарда кар жаайт.

Нарын облусу

20-23-ноябрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Ал эми 24-ноябрда күн ачылып, 26-ноябрга чейин жаан жаабайт.
Мунабия кинокартинасында башкы ролду аткарган Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Кыргыздын чырайлуу, таланттуу актрисалары... Кызыктуу сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0