Сентябрда айрым мугалимдердин маянасы азайып кетти. Өкмөт себебин айтты

© Sputnik / Максим БлиновСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022
Жазылуу
Жаңы методологиянын кириши 1,5-2 ставка менен иштеген мугалимдерге таасир эткен.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тармактык комитеттин жыйынында сентябрда эмнеге кээ бир мугалимдердин маянасы кайра азайып кеткенин сурады.
Эл өкүлүнө кайрылган педагогдор апрелде 21 миң сомдук маянасы 37 миңге көтөрүлсө, сентябрда кайра 24 миң сомго түшүп калганын айтышкан.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылында эмгек акы төлөөнүн башка методологиясы киргизилгенин белгиледи.
"Апрелде маянаны көтөргөндө такыр башкача система болгон. Өлчөө бирдигин жумасына 20 саат катары эсептечүбүз, себеби аз маянага мугалим болуп иштегени келишчү эмес. Андыктан кээ бир мугалимдер 35-40 сааттан өтүп турушкан. Албетте, бул билимдин сапатына таасир этпей койбойт. Биз бардык мамлекеттик органдар менен жаңы токтом иштеп чыкканда эң көбү 27 саат иштей тургандай кылдык. Ушул ставка менен иштөө деле өтө оор, ар бир сабакка даярданыш керек. Эгер мурда жана азыр 27 саат үчүн канча алып жатканын эсептесек 80 пайыз кошулганын биле алабыз", — деди Жусупбекова.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кемчилик кеткенин моюндап, мындай методика маяна көтөрүлгөнгө чейин киргизилсе туура болмоктугун айтты.
"Биз маянаны көтөргөндөн кийин бош орундардын 73 пайызын жаптык, алыскы региондордо резерв түзүлүп калды. Шаарларда гана жетишсиз, кийинки жылы аны дагы чечебиз. Биринчи жолу ЖРТдан 180ден ашуун балл алган абитуриент педагогика тармагына тапшырды. Жазуу түрүндөгү отчётторду 85 пайызга кыскарттык, мугалимдер сабакка жакшы даярдансын. Менин пикиримде, бир чекилик кетип калды. Биз ушул методологияны жарлык (маянаны көтөрүү) чыкканга чейин киргизсек болмок. Бирок 1,5-2 ставка менен иштегендердики көбөйгөн жок, бир ставка менен иштегендер кубанып отурат. Бүгүн канча сабак өткөнүнө карабай эң төмөнкү маяна 21 миң сом, калганы саатына карап эсептелет", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле ал билим берүү тармагында кескин реформа башталганын белгиледи.
Баткен облусундагы жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Депутат: Баткенде абадан коргогон аскерлердин маянасы аз, кетебиз деп жатышат
Жаңылыктар түрмөгү
0