23-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКол чатыр менен адам жамгыр учурунда. Архив
Кол чатыр менен адам жамгыр учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
23-ноябрга караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарындын көпчүлүк жерлеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл чөлкөмүндө +7...+12, Талас жергесинде +8...+13, ал эми Нарында +3...+8 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14 жана Ош калаасында +14...+16 градус болот.
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Түндө Ысык-Көлдө эки ирет жер титиреди
Жаңылыктар түрмөгү
0