Кан басымы "ойноп", көңүл чөгөт. Йодду толуктап, иммунитетти көтөрчү 10 азык

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБалык. Архив
Балык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
Йод жетишсиз болсо бүт организм жабыркайт. Балдардын боюнун өсүүсү жайлап, акыл-эсинин жетилишинде да көйгөй жаралат.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Аллерголог, иммунолог, педиатр Елена Парецкая организмде йоддун запасын толуктап, иммунитетти бекемдөөчү он азыкты атап, ал тизмени РИА Новости жарыялады.
Адистин айтымында, йод жетишсиз болсо бүт организм жабыркайт. Балдардын боюнун өсүүсү жайлап, акыл-эсинин жетилишинде да көйгөй жаралат. Улууларда болсо иммундук коргоо деңгээли төмөндөп, жумушка болгон жөндөмдүүлүк начарлайт. Адам йод жетишпеген абалда көпкө чейин жүрө берсе богок оорусуна кабылат, мойну жооноюп, онкологиялык илдеттин пайда болуу коркунучу күч алат.
Парецкаянын пикиринде, организмге йодду толуктап турчу азыктардын сап башында клюква, кулпунай, кара өрүк, креветка, треска, тунец балыктары, үндүк эти, кабыгы аарчылбаган картошка, ак буурчак жана деңиз капустасы турат. Бул азыктардын баары йод, башка микроэлементтердин жана витаминдердин бай булагы болуп саналат.
Организмдеги йоддун жетишсиздигин байкоо үчүн бир нече белгилерге көңүл буруу зарыл. Адамдын көңүлү чөгүп, сабыры суз тартат, уйкусурап шалдырайт, кыжыры бат келет, кан басымы "ойноп" турат, башы ооруйт, табити жоголот, чачы менен тырмагы түшөт.
Эс алып отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Иммунитет карып бара жатканын кантип билсе болот? Алгачкы белгилер
Жаңылыктар түрмөгү
0