БШК акыркы жыйынтыкты чыгарып, Токаевдин инаугурациясынын датасын айтты

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүКазакстан лидери Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
20-ноябрда Казакстанда президенттик шайлоо өттү. Мамлекет башчылыгын аныктай турган ат салышка баш-аягы алты адам катышкан.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Казакстандын шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарган отурум өткөрүп, анда өлкөнүн азыркы лидери Касым-Жомарт Токаевдин жеңип чыкканын билдирди. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Бул өнөктүккө добуш берүүгө укуктуу болгондордун ичинен 69,44 пайызы келген. Президенттик шайлоо жекшембиде, 20-ноябрда, өткөн.
Добуш берүүнүн БШК чыгарган жыйынтыгы:
Токаев 6 456 392 добушка ээ болгон же пайыздык катыш менен алганда — 81,31 пайыз;
Жигули Дайрабаев — 3,42 пайыз (271 641 добуш);
Мейрам Кажыкен — 2,53 пайыз (200 907);
Каракат Абден — 2,6 пайыз (206 206);
Салтанат Турсынбекова — 2,12 пайыз (168 731);
Нурлан Ауесбаев — 2,22 пайыз (176 116);
"Баарына каршы" болгондор 5,8 пайызды түзгөн (460 484 адам).
БШК Токаевдин инаугурациясы 2022-жылдын 26-ноябрында өтөрүн билдирди.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022
Садыр Жапаров Токаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0