Кытайда АКШ Европаны чүлүктөө үчүн НАТОну капкан катары пайдаланганы айтылды

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDНАТОнун желеги. Архивдик сүрөт
НАТОнун желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Мында кеп коргонууга чыгымды көбөйтүү талабы тууралуу болуп жатат. Бирок Еврозонадагы инфляция менен энергетикалык кризистен улам чыгашанын өсүшү коомчулуктагы нааразычылыкты күчөтөрү айтылууда.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. АКШ НАТОну Европа экономикасын тушап, ЕБ өкмөттөрүнө таасирин күчөтүү үчүн капкан катары пайдаланууда. Бул тууралуу Кытайдын Global Times гезити эксперттердин пикирине таянуу менен жазды.
Макалада негизинен өлкөнүн Тышкы иштер университетинин алдындагы Эл аралык мамилелер институтунун профессору Ли Хайдундун пикири келтирилген. Ал АКШ Европанын айрым мамлекеттерин антироссиялык стратегияга ыктоого мажбурлап жатканын айтып, натыйжада ЕБдин НАТО менен АКШдан көз карандылыгы күчөп, өз алдынчалуулугунан кол жууй турганын белгилеген.
"Кошмо Штаттар альянстын мүчө мамлекеттерине кысым көрсөтүп, ниети жакшы эмес экенин билгизип жатат", — деген профессор.
Мында кеп коргонууга чыгымды көбөйтүү талабы тууралуу болууда. Бирок Еврозонадагы инфляция менен энергетикалык кризистен улам чыгашанын өсүшү коомчулуктагы нааразычылыкты күчөтөрү айтылууда.
"Натыйжада АКШ үчүн ЕБ мамлекеттерине таасир этүү жеңилирээк болот", — деп жазылат макалада.
Эскерте кетсек, Россия 24-февралдан бери Украинаны денацификациялоо жана делимитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүп келет. Өлкө президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан кордукка жана кыргынга учураган элди коргоо" экенин айткан.
АКШ башында турган Батыш мамлекеттери атайын операция башталгандан тарта Украинага курал-жарак жана финансы жагынан жардам берип келет. Москва мындай кадам ортодогу чырды басаңдатпай, тескерисинче, ырбатып жатканын бир нерсе ирет эскерткен. Мындан тышкары, Киевге көрсөтүлгөн масштабдуу көмөк барган сайын батыш мамлекеттерин конфликтиге көбүрөөк тартып жатканын белгилеген.
АКШ жана Украина желектери Капитолийдин жанында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык саясатчы: Украина АКШны сазга батырып баратат
Жаңылыктар түрмөгү
0