Дүйнөдө адамдардын өмүрү узарууда. Карыларга мамилени өзгөртүү зарылдыгы айтылды

© Sputnik / Константин МихальчевскийКарылар. Архив
Карылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо тармагынын адистери карыларды коомго керексиз адамдай көрүү түшүнүгүнөн арылууга чакырды.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча адамдардын өмүрү узарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борборунун карылар тууралуу жазган макаласында айтылат.
Борбор адегенде дүйнөдөгү улгайган адамдар тууралуу бир нече фактыларды келтирген:
60 жаштан улуу курактагы адамдардын дүйнөнүн жалпы калкындагы үлүшү 2015-жылдан 2050-жылга чейин 12 пайыздан 22 пайызга чейин көбөйөт.
2020-жылы 60 жаштагы жана андан улуу курактагы адамдардын саны 5 жашка чейинкилерден ашты.
2050-жылга чейин улгайган адамдардын 80 пайызы кирешеси төмөн же орто болгон өлкөлөрдөн болушат.
"Дүйнө жүзү боюнча адамдар узак жашай баштады. Азыркы учурда көп жашоочулар өздөрүн 70 же андан узакка жашайм деп ишенимдүү ойлоно алат. Дүйнөдө карылардын саны көбөйүүдө. 2030-жылга карата 60 жаштагы жана андан улуу курактагы адамдар планетанын ар бир алтынчы адамын түзөт. Алардын саны бул жылга карата 1,4 миллиардды түзөт, 2020-жылы 1 миллиард болчу", — деди борбордон.
Анда белгиленгендей, 2020-2050-жылдар аралыгында 80 жаштан өткөн курактагы адамдардын саны үч эсеге көбөйүп, 426 миллионго жете тургандыгы күтүлүүдө.
"Көп учурда карыган адамды алсыз, башка адамдардын кароосуна муктаж, жалпы коомчулук үчүн оорчулук жараткан адам катары кабыл алышат. Мындай жаңылыш ойлорго коомдук саламаттык сактоо мекемелеринин адистери, жалпы эл өзү да каршы турушу керек. Дал ушундай түшүнүктөр улгайган адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн, потенциалын баалоого тоскоол болуп, аларды коомго керексиз адамдардай мамиле жасоого түртүүдө", — деп жазылат борбордун маалыматында.
Кытайдын Цзянсу провинциясындагы Хуфу шаарындагы мамлекеттик карылар үйүнүн алдында карылар машыгууда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Кытайда улгайган адамдар көбөйүүдө, президент чара көрүү керектигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0