ФСБ Түркия менен Европага газ кеткен түтүктүн жардырылышын алдын алды

© Фото / ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүКармоо операциясы учурунда Россиянын ФСБ кызматкерлери. Архив
Кармоо операциясы учурунда Россиянын ФСБ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жазылуу
Шектүү катары төрт киши кармалды, баары тең Россиянын жарандары.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы украиналык атайын кызматтын Түркия менен Европага газ кеткен Волгоград облусундагы түтүктү жардыруу аракетин алдын алды. Бул тууралуу ФСБга таянуу менен РИА Новости билдирди.
"Украинанын атайын кызматтарынын Түркия менен Европага газ кеткен "Түштүк агым" түтүгүндөгү террордук аракетин алдын алды", — деп айтылат расмий маалыматта.
Терактыны ишке ашырмак делген төрт киши кармалды, баары Россиянын жарандары. Тинтүү учурунда алардан төрт магниттик мина, төрт килограмм пластит, жай жарылуучу заттар, 593 миң рубль жана "Украина атайын кызматынан бекитилген куратор менен сүйлөшүүсү жана жазышуусу табылган байланыш каражаттары", жардыруучу түзүлүштөрдү чогултуу боюнча инструкциялар жана окуя болчу жердин дайын-дареги аныкталган.
Терактыга даярдык көрүү, террордук топ түзүү жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
ФСБ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон: Украинанын коопсуздук кызматынын теракт даярдаган адамдары кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0