Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Темиржан уулу: Кыргызстанда жаш киносынчылардын уюму түзүлдү

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстандагы жаш киносынчылар уюмунун мүчөсү Тыныстан Темиржан уулу
Кыргызстандагы жаш киносынчылар уюмунун мүчөсү Тыныстан Темиржан уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Жазылуу
Кыргызстандагы жаш киносынчылар уюмунун мүчөсү Тыныстан Темиржан уулу Кыргызстанда кино сыны түшүнүгү кенен жайыла электигин айтты.
Кыргызстанда биринчи жолу жаш киносынчылардын уюму түзүлдү. Бул тууралуу Тыныстан Темиржан уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Темиржан уулу: Кыргызстанда жаш киносынчылардын уюму түзүлдү
Анын айтымында, ата мекендик тасмалар — ачылбаган кенч.
"Быйыл жазында кинокритика боюнча мастерской уюшулуп, ага 10 окуучу кабыл алынган. Окуунун жүрүшүндө Кыргызстанда эмне үчүн киносынчылар жокко эсе деген маселе көтөрүлдү. Жыйынтыгында алган билимибиз жөн эле калып калбасын деп Кыргызстанда алгачкы жолу жаш киносынчылар уюмун негиздедик. Башында рецензияларды бир гана ата мекендик тасмаларга жазабыз деген чектөө бар болчу. Анткени өлкөбүздө тартылган тасмалар — ачылбаган кенч. Аларды жөнөкөй көрүүчү түшүнбөгөн же маани бербей кеткен жерлерин биздин уюмдун киносынчылары кеңири айтып, коомго жеткирүүгө аракет кылып баштады. Бирок жакында эле аталган чектөөнү алып салып, мындан ары чет элдик тасмаларга да рецензия жаза турган болдук", — деди Темиржан уулу.
Ал Кыргызстандагы киножаратмандардын көбү буга чейин киносынчылардын уюмуна суусап келгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0