Курултайда жаштар оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берүүнү суранды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүОң рулдуу унаалар. Архив
Оң рулдуу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Жазылуу
Делегат президентке кайрылып, элге добушка салып көрүүнү да сунуштады.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Нарын районунан келип Курултайда жаштардын атынан чыгып сүйлөгөн делегат Акназар Акматалиев оң рулдуу автоунааларга уруксат берүүнү суранды.
Ал жанында отурган президент Садыр Жапаровго кайрылып, болбосо элге добушка салып көрүшүн сунуштады.
"Оң рулдуу унаалар келмейинче Кыргызстанда машина арзандабайт. Эски, атамдан улуу машиналар эле миллион сом деп турат. Аны эки жыл айдап кайра темирге тапшырабызбы? Биздин жолубуздун баары асфальт болбогондон кийин жаңы, арзан оң рулдуу автоунааларды киргизип берүүңүздөрдү суранабыз", — деп кайрылды Акматалиев мамлекет башчыга.
Белгилей кетсек, оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө уруксат берүүнү Жогорку Кеңештин депутаттары да демилгелеп келет. Бирок өкмөт ушундай транспорттордун кесепетинен жол кырсыктары көп катталарын айтып, сунушту четке кагууда.
Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургуну тажик аскерлери тарабынан ок аткан имараттын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Тезирээк курал бериңиз, үйүмдү коргойм. Баткендик делегат президентке кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0