27-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКүзгү аба ырайы. Архивдик сүрөт
Күзгү аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жазылуу
27-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Жекшемби күнү республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көл жергесинде +3...+8 жана Нарын аймагында -3...+2 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жамгыр, кар жаашы мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +3...+5, Ош калаасында +12...+14 градусту көрсөтөт.
Ведущий специалист Гидрометагентства при МЧС, синоптик Айгерим Курманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Радио
Курманова: экологиянын бузулушу — климатты өзгөртчү негизги фактор
Жаңылыктар түрмөгү
0