Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский Батыштын көзөмөлүнөн чыгып бара жатканы айтылды

© AP Photo / Ukrainian Presidential Press OfficeУкраинанын президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жазылуу
Россия ТИМинин өкүлү Украинанын президенти Батыштын көзөмөлүнөн тыш өзүнүн алкагына чыгып кеткенин айткан.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленский "өзүнүн орбитасына" кирип, Батышты опузалай баштады. Мындай пикирин Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Батыш Зеленский көзөмөлүнөн чыгып кеткенин түшүнүп турат. Алар өздөрүнө пайдалуу болгон бардык тараптан үстөмдүк кылып турушкан. Бирок ошол эле учурда ал көзөмөлдөн тыш өзүнүн алкагына чыгып кеткендей. Зеленский Батышты опузалай баштады", — деди Захарова "Россия 24" телеканалына берген маегинде.
Анын айтымында, Батыш буга чейин өз деген адамдардын бардыгын башкарып келгенин, бирок алар да убакыттын өтүшү менен шарт коё баштаганын белгилеген.
Захарова азыр Украинага Батыштан курал-жарак, акча каражаттары керек экенин, анткен менен Батыштын өзү бир топ кыйналып жатканын айткан.
Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Нарышкин Польшадагы ракета окуясы боюнча: Зеленскийден баарын күтсө болот
Жаңылыктар түрмөгү
0