Телефонуңуздан "тыңчы" болуп жүргөндөрдү кантип билүүгө болот?

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүТелефонго сүрөт тартуу. Архивдик сүрөт
Телефонго сүрөт тартуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Жазылуу
Адис смартфондун кызматтарын тууралаган жерден эки факторлуу идентификацияны коюуга кеңеш берди.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Телефон аркылуу аңдып жүргөндөрдү кантип билсе болорун "Прайм" агенттигине SafeNet инженердик борборунун директору Денис Кувиков айтып берди.
Адис хакердик аракеттерди аныктоо оңой иш эмес экенин, андыктан телефондун ээси андагы тиркемелерге, мессенжерлерге жана социалдык тармактарга дыкат көз салышы керектигин белгилеген.
"Телефонго кайсы түзмөктөн жана IP-даректерден киргенине көңүл буруп, эң негизгиси Google менен icloud-аккаунттардын активдүүлүгүнө байкоо салуу керек. Смартфондун кызматтарын тууралаган жерден эки факторлуу идентификацияны коюу зарыл. Бул хакерлердин чабуул жасашын көп учурда кыйындатат. Белгисиз же күтүүсүз келип калган файлдарды жана тиркемелерди ачпаш керек", — деди Кувиков.
Ал тиркемелерди Google Play жана AppStore онлайн-дүкөндөрүнөн көчүрүүгө кеңеш берди. Ошондой эле телефонго вируска каршы кызматтарды колдонуу керектигин кошумчалады.
Заряддагыч менен смартфон. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Телефондун кубаттагычы дайыма токко сайылып турса эмне болот? Эксперттин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0