Түндө Талас менен Ошто жер титиреди

© AP Photo / ELAINE THOMPSONСейсмограф маалыматтары. Архив
Сейсмограф маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2022
Жазылуу
Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. 28-ноябрга караган түнү Кытай менен Казакстанда жер титиреп, силкинүү Ош менен Таласта да сезилгенин ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады.
Маалыматта саат 01:58де Кытайдын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга, ал эми Казакстанда 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кытайдагы силкинүү Ош облусундагы Алай районунун Эркеч-Там, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек, Кан-Коргон айылдарында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилген.
Ал эми түнү саат 02:34тө Казакстанда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө Таластагы Кара-Буура районунун Кайнар, Көк-Сай айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
Туркиядагы тез жардам унаасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Түркияда жер титиреп, 20дан ашуун адам жабыркады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0